Кызыл-Тууда мектеп рэкетчилиги боюнча иш козголду
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы мектепте орун алган рэкетчилик боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.Маалым болгондой, 24-октябрда социалдык тармактардын бири аркылуу жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Кызыл-Туу айылындагы мектептердин биринде кооптуу кырдаал түзүлгөнү тууралуу белгисиз колдонуучулар тарабынан жарыяланган маалымат аныкталды. Анда аталган айылдын орто мектебинде окуучулардын арасында акча талап кылуу жана коркутуп-үркүтүү учурлары системдүү түрдө болуп келери көрсөтүлгөн. Айрым жогорку класстардын окуучулары кичүү класстардын окуучуларынан акча талап кылышары, ал эми баш тарткан учурда аларга физикалык же психологиялык басым көрсөтүлөрү белгиленген.
Бул факт каттоого алынып, тийиштүү текшерүү башталды. Анын алкагында үч жарандан жазуу жүзүндө арыздар түшүп, алар тиешелүү тартипте каттоого алынды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-11-01
11:57
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















