super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ош шаарында жол кыймылын иреттөө боюнча иштер улантылууда

 
Ош шаарында жол кыймылын иретке келтирүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Масалиев кең көчөсү менен Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылынын өтүшү бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, бир нече жолу жол-транспорттук кырсыктар катталып келет.
Жол кыймылын жөнгө салуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга тапшырма берип, аталган кесилишке айланма жол куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырган.
Мэрдин тапшырмасынын негизинде, эки көчөнүн кесилишинде айланма жол куруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Долбоор ишке ашырылса, аталган тилкедеги кыймыл иретке келип, шаардыктар жана айдоочулар үчүн бир кыйла коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: