super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Берлиндин полициясы теракт уюштурууга шектүүнү кармады

 

Германиянын борбору Берлинде полиция террордук акт жасоону пландаган деген шек менен 22 жаштагы Сириянын жаранын камакка алды. Бул тууралуу Bild гезити жазды.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда жардыргыч заттарды жасоого жарактуу материалдар табылган.

"Террорчу деп шектелген адам аларды жасоо үчүн керектүү компоненттерди интернет аркылуу буюртма кылган",- деп белгиледи басылма.

22 жаштагы шектүү 2023-жылдан бери Германияда башпаанек издеген адам катары жашап келген. Тергөөнү Германиянын Башкы прокуратурасы жүргүзүүдө. Анын маалыматы боюнча, айыпталуучуга Германиянын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч келтирген оор кылмышка даярданган деген шек менен тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: