super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Үй-бүлөбүздү сактап калалычы дедим". Турсынбек Кабатовдун мурунку жубайы Молдир Муканованын маеги талкууда (видео)

 

Белгилүү казакстандык куудул, шоумен Турсынбек Кабатовдун мурунку жубайы Молдир Муканова жергиликтүү телеканалга маек берип, жеке жашоосу боюнча айтып берди.

Мурда жеке жашоосун жашыруун сактап келген Молдир күйөөсү менен ажырашканын биринчи жолу ачык жарыялады.

"Ооба, анын ойношу бар. Алар чогуу чет өлкөгө саякатташат, ал ага батир, унаа, бриллиант сатып берген, ал кымбат баалуу мех пальто кийип жүрөт. Мунун баарын башымдан өткөрүү - мен үчүн абдан оор. Атүгүл, 24-кабаттан секирүүгө даяр болгон учур да болду. Бул 14 жылдан бери уланып келет. Балдар ыйлап, атасын сагынып, сурашат. Алардын атасы баарыбызды телефондон блоктоп койгон.

Мен Турсынбек менен болгон үй-бүлөлүк жашообуздун ошол сонун учурларын сагынам. Мен ага жолугууну суранып кат жазам, анткени аны сагынам. Бирок Турсынбек өзүнүн кылган иштери үчүн, атүгүл балдарынан да кечирим суроону ойлогон эмес. Бир күнү мен андан "Качан ажырашабыз?" деген билдирүү алдым",- деп көз жашын төгүп, айтып берген Молдир Муканова.

Интернет колдонуучулары Турсынбек Кабатовду жапырт айыптап, ага бойкот жарыялоо керек деп жазып жатышат.

Эске салсак, Турсынбек Кабатовдун жана Молдир Муканованын 5 баласы бар. 3 кыз 2 уул. Алар 20 жылдан ашык чогуу жашашкан.






"Үй бүлөбүздү сактап калалычы дедим". Молдир Муканованын маеги талкууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: