Германия "Patriot" системдерин берип, Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөттү
Германия Украинага Patriot абадан коргонуу системдерин тапшырды. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
"Биз Украинанын абадан коргонуу системиндеги “Патриот” компонентин чыңдадык. Германияга жана жеке өзүнчө канцлер Фридрих Мерцке бул жалпы кадам үчүн ыраазычылык билдирем",- деп жазды мамлекет башчысы.
Зеленскийдин айтымында, Украина өнөктөштөрү менен биргеликте союздаш өлкөлөрдүн да коопсуздугун камсыз кыла турган комплекстүү абадан коргонуу системин түзүү үстүндө иштеп жатат. Коргонуу жабдыктарын күчөтүү боюнча мындан аркы кадамдар боюнча сүйлөшүүлөр өкмөттөр деңгээлинде жана түздөн-түз өндүрүүчүлөр менен уланууда.
Жай айларында Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере Украинага эки толук MIM-104 Patriot системин берүү боюнча макулдашкан. Октябрда Зеленский Украина 25 Patriot системин сатып алуу боюнча келишим даярдап жатканын билдирген. Анын айтымында, жеткирүү этап-этабы менен жана өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бир нече жылга бөлүнөт.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














