super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тутанхамондун баалуу буюмдары коюлган... Дүйнөдөгү эң чоң музей Египетте ачылды

 

Гизадагы Хеопс пирамидаларынын жанында Чоң Египет музейи расмий түрдө эшигин ачты. Бул музей — Египеттин эң ири археологиялык музейи гана эмес, дүйнөдөгү эң чоң музейлердин бири болуп эсептелет. 2002-жылы жарыяланып, 2012-жылы ачылышы пландалган музейдин курулушунун бүтүшү чыгымдардын көбөйүшү, саясий толкундар, COVID-19 пандемиясы жана аймактык жаңжалдардан улам бир нече жолу кечеңдеп калган.

Музейдин аянты 500 миң чарчы метрди түзүп, ал Париждеги Луврдан эки эсе чоң. Музейди курууга кеткен чыгымдар болжол менен 1 миллиард доллар деп бааланат, анын көбү Япон Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланган.

Музейдин коллекциясы болжолдуу 100 миң экспонатты камтыйт жана ал жети миң жылдык тарыхты чагылдырат — додинастикалык мезгилден тартып грек-рим дооруна чейин. Анын ичинен негизги көркөм буюмдар:

  • Тутанхамондун байлыктары — фараондун алтын беткабы, тагы жана маркум менен кошо көмүлгөн 5000ден ашык буюмдары биринчи жолу толук экспозицияга коюлду;

  • Рамзес II'нин статуясы, жашы 3200 жылдан ашкан;

  • Хуфунун көмүлгөн кайыгы, 4500 жылдык тарыхы менен эң жакшы сакталып калган байыркы кемелердин бири.

Египет бийлиги музейдин элдик жана туристтик борборго айлануусуна чоң үмүт артып жатат. Болжол менен 2030-жылга чейин 30 миллион адам дүйнөнүн бардык бурчунан музейди көрүүгө келери күтүлүүдө. Музей ошондой эле эл аралык көргөзмөлөрдү жана археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн платформага айланат.

Ачылыш салтанаты 1-ноябрда өтүп, анда дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, падышалык үйлөрдүн өкүлдөрү жана маданий ишмерлер катышты. Иш-чараны фейерверк, симфониялык оркестрлердин чыгармалары, байыркы Египет фрескаларынын образындагы бийчилердин шоу-программалары коштоп турду.

Музей өз эшигин коомчулук үчүн эртен, 4-ноябрдан тартып ачат. Анын иштөө графиги жана билет баалары төмөнкүдөй:

  • Иш күндөрү саат 8:30дан –19:00гө чейин, ал эми галереялар 9:00дөн –18:00гө чейин иштейт. Билет сатып алуу саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

  • Шаршемби жана ишемби музей саат 8:30дан – 22:00гө чейин, галереялар 9:00дөн – 21:00гө чейин кабыл алат. Билеттерди саат 20:00гө чейин алса болот.

Билет баалары:

  • Египет жарандары үчүн: чоңдорго - 200 египет фунту (370 сом), ал эми балдар, студенттер, пенсионерлер үчүн - 100 египет фунту (185 сом);

  • Туристтер үчүн: чоңдорго 1450 египет фунту (2684 сом), балдар, студенттер 730 египет фунтун төлөйт (1351 сом);

  • Экспаттардын чоңдору 730 египет фунтун төлөшсө (1351 сом), балдар, студенттер 370 египет фунтуна кире алышат (685 сом).

Чоң Египет музейинин ачылышы — өлкөнүн маданий мурастарын дүйнөгө таанытуу, пирамидалардын кереметин жана фараондордун тарыхын жаңы деңгээлге чыгарган уникалдуу долбоор болуп калды.

Музейдин архитекторлору имаратты мүмкүн болушунча экологиялык жактан таза жана үнөмдүү кылууга тырышкан. Бул үчүн бир катар заманбап "жашыл технологиялар" колдонулган:

  • Пассивдүү муздатуу системи,
  • Жарыкты оптималдаштыруу,
  • Калдыктарды кайра иштетүү.

Бул чаралардын аркасында музей комплекси кадимки ошол көлөмдөгү имараттарга салыштырмалуу 60 пайыз аз электр энергиясын жана 34 пайыз суу үнөмдөйт.

Музей өзүнүн күн электр станциясына ээ жана жарыкты чагылдыруучу чатыр менен жабдылган. Имараттын жайгашуусу да атайын ылайыкташтырылып, шамалдын багытын пайдаланып, имаратты табигый жол менен муздатууга мүмкүнчүлүк берет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: