super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Швейцариянын борборуна саякат (блог)

 

Берн – Швейцариянын борбору, жандуу шаар. Бул шаар XII кылымда негизделип, бүгүнкү күнгө чейин орто кылымдык архитектурасын сактап келет. Калаанын эски тарабы UNESCO дүйнөлүк мурас тизмесине кирген жана анын көчөлөрүндө тарыхый эстеликтер, укмуштуу оргумалар, орто кылымдык мунаралар бар. Шаардын аты аюу дегенди түшүндүрөт (немис тилинен Bär), жана азыр дагы Аар дарыясынын жээгинде жашап жаткан аюулар сейил багы туристтерди өзүнө тартат. Бүгүн мен сиздерге порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын алкагында бул кызыктуу шаарга болгон сапарымды баяндап бермекчимин.

Мен Бернге таң ата электе жеттим. Таңды шаардын четирээгиндеги бак-дарактар жыш жайгашкан, токойду элестеткен сейил бактан тосуп алдым. Күн чыгып баратканда туман түшүп, жашыл дарактар кооз көрүнүп, аба укмуштуудай тынч жана сергек болчу. Андан соң автобуска отуруп, шаардын борборуна жөнөдүм.

Алгач мен эски шаарына (Old Town / Altstadt) бардым. Бул көчөлөр орто кылымда курулган үйлөр менен толуп, туристтерди өзүнө тартат. Архитектурасы суктандырбай койбойт. Баарынан да арадан канча жыл өтсө да бузулбай сакталып келе жаткан курулштары таң калтырат. Бул жактагы көчөлөрдү аралап жүрүп сувенир дүкөндөрүнөн жакындарыма белек алдым. Оргумалардын жанына отуруп эс алдым.

Кийинки багытым Цитглогге (Zytglogge) болду. Бул – Берндин символу саналган астрономиялык саат мунарасы. Ал 1405-жылы шаардагы өрттөн кийин калыбына келтирилген, андан кийин 1530-жылы астрономиялык механизм орнотулган. Бул саат жөн эле убакыт көрсөтпөйт: күндүн, айдын жана жылдыздардын абалын көрсөтөт.

Ар бир саатта кичинекей куурчактар чыгып, барабандарды каккылап, падыша, жоокерлердин фигуралары, короз, аюу куурчактары чыгып шоу коёт. Бул шоуну көрүү үчүн белгилүү убакыттарда сааттын айланасында эл топтолуп калат экен.

Саатты көргөндөн кийин анын жанында жайгашкан "Балдарды жегич" (Пожиратель детей) эстелигине токтолдум. Бул орто кылымдык уламыштарды эскерген скульптура туристтер үчүн өзгөчө кызыктуу. Интернетте жазылган маалыматтарга караганда орто кылымдарда тил укпаган балдарга бул эстеликти көрсөтүп коркутушчу экен.

Андан соң шаардын эски борборундагы кафелердин биринен жергиликтүү тамактарды татып көрдүм.

Түшкү тамактан кийин Берндин аюулар сейил багына бардым. Бул парк шаар сыймыгы. 1857-жылдан бери бул жерде аюулар кармалат, азыр болсо атайын кең, табигый парк жасалып, алар Аар дарыясына жакын жашайт.

Бул жерде азыр айрыкча Бярн жана Урса деген аюулар жашайт. Алар туристтерге кол салбайт, анткени жапайы эмес, багылып чоңойгон. Алардын жашоосуна кызыккандар келип тамак жегендерин, жай сейилдегендерин көрүүгө болот. Бул жердин зоопарктан айырмасы - жаныбарлардын табигый жашоосуна окшоштурууга аракет кылышып, өздөрүн капаста эмес, кадимки жашоодо жашап жаткандай шарт түзүп беришкенинде.

Аюулар жашаган бактан чыккан соң Аар дарясынын жээгин бойлой бастым. Дарыянын суусу абдан тунук, айланасы кооз экен.

Саякатымдын эң кызык бөлүгү мына ушул жердеги сейилдегеним болду. Анткени жергиликтүү элдин адаттан тыш жоруктарын көрдүм. Алар бул дарыяны транспорттун бир түрү катары колдонушат экен. Жумуштан чыгып, кийимдерин чечип, суу өткөрбөгөн атайын баштыкка салып, дарыяга секирип, үйлөрүнө жеткенче сууда сүзүп барышканын көрүп, аябай таң калдым.

Шаарды кыдырып жүрүп, атактуу швейцар шоколад дүкөнүнө кирдим. Бул дүкөндө каалаганча шоколадды жеп көрүүгө болот, дал эле бала кезде кыялданган дүкөн экен. Даамы укмуштуудай таттуу жана ар түрдүү түрлөрүнөн ооз тийдим. Мен бул жерден кетким келген жок. Бирок алдыда дагы көп кызыктар күтүп турган.

Кийинки багытым Эйнштейндин үйү болду. Бул үйдө Альберт Эйнштейн 1903–1905-жылдары жашаган.

Үй төрт бөлмөлүү жана азыр музей катары ачык, анын ичинде Эйнштейндин жашоосу жана илимий эмгектери жөнүндө экспонаттар бар.

Эйнштейндин үй музейинен таасирленген соң ага арналган атайын музейге да бардым, ал аябай чоң, анда илимий ачылыштар, эксперименттер жана жеке буюмдары сакталыптыр.

Күн батканда Розенгартен багына чыктым. Бул жерден калаанын кызыл чатырлуу үйлөрү, жыландай ийилген Аар дарыясы жана алыстан жаркыраган саат мунарасы көрүнөт. Убакыт бул учурда шаштырбай, бир аз жай өтүп жаткандай сезилди.

Жыйынтыктап айтканда, Берн – тарых, табият жана илим менен жандуу шаардын айкалышы. Саат мунаралары, "Балдарды жегич" эстелиги, аюулар сейил багы, шоколад дүкөндөрү, Эйнштейндин үйү жана музейи – шаардын өзгөчөлүктөрү. Бернде жүргөндө убакыт жай агып, тынчтык, гармония жана жөнөкөй бактылуулук сезилет.


кошулду





Швейцариянын борборуна саякат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: