"SkyWay" бренди менен иш алып барган каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды
Кыргызстанда "SkyWay" жана "Sky World Community" бренди менен иш алып барган каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына аталган компаниялардын жетекчилери каржы пирамидасын уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн деген маалымат келип түшкөн.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, компаниялардын өкүлдөрү жарандарга Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда "асман көпүрөлөрүн" куруу боюнча ири инвестициялык долбоорго катышууну убада кылып, пайда табасыңар деген алдоо менен долбоорго акча каражатын салууну сунуштаган.
"Катышуучуларга атайын мобилдик тиркеме берилип, анда салынган сумманын көлөмү көбөйүп жаткандай жалган маалымат көрсөтүлгөн. Чындыгында бул каражаттар реалдуу каржылык камсыздоого ээ болгон эмес жана жарандардан чогулган бардык акча каражаттары уюштуруучулардын жеке пайдасы үчүн колдонулган",- деп билдирди ИИМ.
Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин (финансы пирамидаларын уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган компаниянын куратору 1973-жылы туулган И.П. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














