super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ошто “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган батирлердин ачкычы тапшырылды

 
Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, батир ээлерине ачкычтарды тапшырды. Жеңишбек Токторбаев батир ээлерин куттуктап, мэриянын шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо багытындагы иш-аракеттери мындан ары да күчөтүлөрүн белгиледи.
Тогуз кабаттуу, 96 батирлүү турак үй ички жасалгасы жана бардык коммуникациялары менен толук курулуп бүткөн. Үй ээлери дароо кирип жашоого шарттар түзүлгөн. Ашимахунов көчөсү, 48А дарегиндеги бул үйдүн 1-кабатында соода түйүндөрү, ал эми жер төлөсүндө унаа токтотуучу жай жайгашкан. Короосуна балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы көрктөндүрүлгөн.
Бул долбоор Ош шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан ишке ашырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: