Бишкек мэриясы окуучулар ууланган факт боюнча маалымат берди
	
				
			
				
			"Сейтек STEM" мектебиндеги окуучулардын уулануу окуясына байланыштуу Бишкек шаары боюнча Гигиена жана эпидемиология борбору бардык зарыл иш-аракеттерди белгиленген тартипте аткарды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалымдагандай, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жолугушуу өткөрүп, бекитилген менюдан четтөө жана жалпы билим берүү мекемелеринде тамак-ашты уюштуруу эрежелерин бузууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ал ошондой эле мындай учурларга өз убагында чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, учурдагы абал менен таанышты жана ууланууга кабыл болгон окуучулардын ата-энелери менен болгон жолугушууга катышты.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясы шаар аймагында жайгашкан бардык жалпы билим берүү уюмдарына тамак-ашты уюштуруу эрежелерин так сактоо тапшырмасын берген.
Айта кетсек, аталган мектептин окуучулары шаурмага ууланган факты катталган. Учурда алардын саны 84кө жетти. 
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














