Көз микрохирургиясы госпиталынын директору Алмазбек Исманкулов кармалды (видео)
	
				
			
				
			
				
			Көз микрохирургиясы госпиталынын директору Алмазбек Исманкулов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал чет өлкөдөн насыяга келген медициналык жабдууларды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган деп шектелүүдө. Тагыраагы, 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинде "КМУУнун Медициналык борбору "ИнтерГоспиталь" ЖЧКсы түзүлүп, анын директору болуп Исманкулов дайындалган. 1998-жылы "Медисон Ко. ЛТД" кореялык компаниясы менен КМУУнун проректору Исманкуловдун ортосунда өлкөгө медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Кийинчерээк коррупциялык схема боюнча “ИнтерГоспиталдын” негиздөөчүлөрүнүн жасалма жыйыны аркылуу университеттин мамлекеттик үлүшү жеке менчикке чыгарылган.
"1999–2000-жылдары өлкөгө жалпы суммасы 9 миллион доллардан ашык акча каражатына медициналык жабдуулар келген. Бирок Исманкулов тарабынан иштелип чыккан схема боюнча КМУУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү министрлигинин жана башка ведомстволордун айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен жабдуулар мыйзамсыз түрдө бөлүштүрүлүп, Исманкуловго таандык жеке менчик медициналык клиникаларга өткөрүлүп берилген.
Мында аталган жабдууларды сатып алууга алынган кредит азыркыга чейин төлөнө элек жана аны төлөө боюнча милдеттенмелер соттун чечиминин негизинде мамлекетке жүктөлгөн. 2025-жылга карата карыздын суммасы 31 миллион долларды түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Исманкулов камакка алынып, бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Көз микрохирургиясы госпиталынын директору Алмазбек Исманкулов кармалды
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 12:55
				 2025-11-04  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














