Токмокто мас айдоочу дарыгерди сөгүп, сабаганы тартылган видео тарады
Токмокто айдоочу оорукананын "Тез жардам" бөлүмүндө баш аламандык жаратып, дарыгерге жаракат келтирди. Бул тууралуу видеону life_press_ баракчасы бөлүштү.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан 2-ноябрга караган түнү жол кайгуул кызматкерлери айдоочуну Токмок аймактык ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнө алкоголдук ичимдиктердин жана баңгизаттардын деңгээлин текшерүү үчүн медициналык кароодон өткөрүү үчүн алып келишкен.
Кароо учурунда ал киши абдан агрессивдүү жана туура эмес жүрүм-турум көрсөткөн: медициналык кызматкерлерди уят сөздөр менен кемсинткен, улуттар аралык кастыкты козуткан, дарыгерлердин бирине кол салган, "Тез жардам" бөлүмүндөгү терезени талкалаган.
Бул аракеттердин баары жол кайгуул кызматкерлеринин көз алдында болгон, алар баш аламандыктын алдын алуу жана медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес.
Видеого таянсак, ал киши жоопкерчиликтен качуу максатында "жогорку кызматтагы байланыштары бар экенин" ачык айткан.
Бул окуя боюнча видеонун автору чара көрүүнү суранган.
Токмокто мас айдоочу дарыгерди сөгүп, сабаган видео тарады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















