Кинематография департаментине жаңы директор дайындалды
Кинематография департаментинин директору болуп Талантбек Толобеков дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, тийиштүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министр Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев тааныштырды.
Буга чейин аталган кызматты Улан Адамалиев ээлеп келген. Ал кызматтан өзүнүн арызынын негизинде бошотулган.
Кинематография департаменти - улуттук кино тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик колдоону күчөтүү жана кыргыз кинематографиясынын эл аралык деңгээлдеги атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мекеме.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 13:05
				 2025-11-02  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		
  Талкуу жабык.
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














