Перу Мексика менен дипломатиялык мамилесин үздү
Перу өкмөтү Мексиканын мурдагы премьер-министри Бетсси Чавеске элчиликтин резиденциясында саясий башпаанек бергенине байланыштуу Мексика менен дипломатиялык мамилесин үзөрүн жарыялады. Бул тууралуу Перунун тышкы иштер министри Уго де Зела маалымат жыйынында айтты.
"Бул достукка жатпаган аракетке жооп катары жана аталган өлкөнүн азыркы жана мурдагы президенттеринин Перунун ички иштерине кайра-кайра кийлигишүүсүн эске алуу менен, Перу өкмөтү бүгүнкү күндөн баштап Мексика менен дипломатиялык мамилесин үзүү чечимин кабыл алды",- деди Зела.
Мексиканын Перунун мурдагы президенти Кастильонун үй-бүлөсүнө саясий башпаанек бергени да мурда эки өлкөнүн мамилесинде чыңалууну жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:51
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















