Ашууларда кар жаап жатат. Чектөө күчүндө
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Бүгүн, 4-ноябрь саат 09:00гө карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу (4-ноябрь, саат 07:00дөн тарта) жана Ала-Бел (4-ноябрь, саат 05:10дон тарта) ашууларында жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда (4-ноябрь, саат 07:00дөн тарта) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Кошумча маалымат берилет.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















