super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Иранда аялдарга мотоцикл айдоого уруксат берүү маселеси кызуу талкууланууда

 

Иранда аялдарга мотоцикл айдоого уруксат берүү маселеси кызуу талкууланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, учурдагы эрежелерде мотоцикл айдоочу катары эркектер гана көрсөтүлгөндүктөн, аялдарга бул транспорт үчүн айдоочулук күбөлүк берилбейт. Ирандык аялдарга жеңил унаа, трактор жана учак айдоого уруксат бар, бирок мотоцикл боюнча укуктук так эреже али кабыл ала элек.

Ошого карабай, мотоцикл айдагандар арасында аялдар көбөйүп жатат. Алар формалдуу түрдө мыйзамды бузууга мажбур.

"Мен жаш кезимден бери мотоцикл айдагым келчү. Узак убакыт мүмкүн болгон эмес, бирок акыры сатып алдым",- дейт 46 жаштагы Йегане.

Анын автоунаасы жок. Ал ар бир жолу жолго чыкканда тобокелге барат.

"Мотоциклди конфискациялап алышпаса дейм, полиция менен көйгөй болушунан корком. Кырсык болуп кетсе, аялдарда камсыздандыруу жок. Ошондуктан абайлап айдайм",- деп кошумчалады ал.

Учурда Иран парламенти аялдарга мотоцикл айдоого расмий уруксат берүү маселесин карай баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: