super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

“Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Өлкөдө “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда кол койду.

Мыйзам ушул жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - аскердик-медициналык кызматкерлердин квалификациясын жана алардын заманбап медициналык жабдуулар менен иштөө көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.

"Эми айрым учурларда аскер кызматчыларына (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) аскер бөлүгүнүн командири тарабынан жекече тартипте квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык ишке байланышкан ишти айкалыштырууга уруксат берилет",- деп айтылат документте.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: