Италия Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисин чакырды
Италия Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Римдеги элчиси Алексей Парамоновду чакырды. Бул чечим Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарованын билдирүүсүнө жооп катары кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Захарова Telegram каналында Римдеги тарыхый Конти мунарасынын ураганына токтолуп, Италия Украинага жардам көрсөткөн сайын анын экономикасы да ошол мунара сыяктуу "кулап" каларын жазган.
Италия тарап Захарованын сөздөрүн "орой, төмөн деңгээлдеги жана тынчсыздандырган" деп баалап, дипломатиялык нааразычылык билдирди. Өлкөнүн вице-премьери Маттео Сальвини да кырсык учурунда мындай комментарийди орунсуз деп атап, учурда саясатты талкуулоодон көрө урандылардын алдында калган жумушчуларга көңүл буруу керектигин айтты. Ошол эле учурда коргоо министри Гвидо Крозетто Римдин Украинага колдоосу өзгөрбөй турганын билдирди.
Эске салсак, XIII кылымда курулган Конти мунарасы Римдин борборунда реставрация учурунда эки жолу урап түшүп, бир жумушчу оор жаракат алды. Дагы бир кызматкер урандылардын алдында калып, аны куткаруу иштери уланууда.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














