Римде орто кылымдык Конти мунарасы 2 ирет урап түштү
Римдин борборунда тарыхый Конти мунарасы жарым-жартылай урап түштү. Окуя реставрация жүрүп жаткан убакта болду. Бул тууралуу Corriere della Sera жазды.
Маалыматка ылайык, мунара ураган учурда ичинде төрт жумушчу болгон: алардын бири оор абалда ооруканага жеткирилсе, дагы экөө жеңил жаракат алган. Бир жумушчу урандылардын алдында калып, аны куткаруу иштери уланууда.
Кырсыктан эки саат өткөн соң куткаруучулар ичинде калган жумушчуну чыгарууга аракет кылып жатканда мунаранын дагы бир бөлүгү урап түштү. Бул учурда бир өрт өчүрүүчү жеңил жаракат алган. Окуя болгон аймак тосулуп, тарыхый имараттын коопсуздугу боюнча кошумча текшерүүлөр жүрүп жатат.
Маалымат үчүн: Конти мунарасы IX кылымда курулуп, кийин XIII кылымда Папа Иннокентий IIIнүн буйругу менен кайрадан салынып, көп жылдар бою Конти үй-бүлөсүнүн резиденциясы болуп келген. XX кылымда бул жерде Рим мэриясынын кеңселери жайгашкан. Акыркы жылдары мунара пайдаланылган эмес жана 2026-жылы аякташы пландалган реставрация иштери урап түшүү учурунда жүрүп жаткан.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














