Орусиянын ТИМи Римдеги мунаранын кулашы боюнча пикирин билдирди
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Римдин борборунда урап түшкөн тарыхый Конти мунарасына байланыштуу комментарий берди. Ал Telegram каналында Италия Украинага жардам көрсөткөн сайын өлкөнүн экономикасынан баштап мунарасына чейин "кулап" калышы мүмкүн экенин айтты.
Ал Италиянын Тышкы иштер министрлиги май айында Украинага көрсөткөн колдоосу тууралуу отчёт бергенин эске салды. Расмий маалыматка ылайык, Италия аскердик жардам жана башка салымдарга 2,5 миллиард еврого жакын каражат бөлгөн. Захарова Рим мунарасынын урашы Италиянын "ички абалынын символикалык белгиси" болушу мүмкүн деген ойду айтты.
Эске салсак, Конти мунарасынын урашы тууралуу буга чейин маалымдалган.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














