super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте "Мүрөк" спорттук медицина жана реабилитация борбору курулат 

 
Кыргыз футбол биримдиги "Мүрөк" спорттук медицина жана реабилитация борборун куруу долбоорун ишке ашырууга киришти. Бул борбор Кыргызстандагы профессионалдык спортчуларга жана улуттук курама командаларга багытталган алгачкы адистештирилген комплекс болуп саналат. Борбор Бишкек шаарынын Ленин районунда курулат.
Долбоордун башкы максаты - эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап спорттук медицина жана реабилитация борборун түзүү. Бул жерде Кыргызстандык жана чет элдик спортчулар толук медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланып жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Долбоор спортчулардын саламаттыгын сактоого, алардын спорттук карьерасын узартууга жана кыргыз спортуна атаандаштык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Борбор, өлкө ичиндеги бардык деңгээлдеги спортчуларга сапаттуу медициналык жана реабилитациялык кызматтарды сунуш кылат. Анын ишке кириши менен спорттук уюмдардын чет өлкөдөгү дарылануу жана калыбына келүү чыгымдары кыйла кыскарып, спорттук даярдыктын натыйжалуулугу илимий негизделген диагностика, алдын алуу жана реабилитация ыкмаларын колдонуу аркылуу жогорулайт. Ошондой эле, долбоор спорттук медицинанын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана бул тармактагы илимий-билим берүү программаларын ишке киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоордун алкагында, заманбап жабдуулар менен камсыздалган медициналык-реабилитациялык комплекс курулат. Борбордо лабораториялар, машыгуу залы, бассейн, физиотерапиялык жана диагностикалык бөлмөлөр болот. Өзгөчө, профессионалдык жана жаштар командалары үчүн туруктуу медициналык коштоону уюштурууга, ошондой эле жаракат алуу коркунучун алдын алуу жана функционалдык калыбына келтирүү программаларын киргизүүгө көңүл бурулат.
"Мүрөк" борбору Кыргызстандагы биринчи адистештирилген спорттук реабилитация борбору болуп, ал ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берет. Бул жерде спортчулар толук циклди – диагностика, дарылоо, реабилитация жана спортко кайтуу процессин өтө алышат. Ошондой эле КФБ борборду улуттук курамалардын бардык курактык топтору үчүн туруктуу медициналык база катары пайдаланууну пландаштырууда.
Борбордун курулушунун аякташы 2026-жылга пландалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: