super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Каспий жээгинен 100дөн ашуун өлгөн тюлендер табылды 

 

Казакстандын Маңгыстау облусунун Түпкараган районундагы жээк сызыгын көзөмөлдөө учурунда Каспий деңизинин боюнан 112 тюлендин өлүгү табылганын облустун Экология департаменти билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар маалымдашууда.

Атап айтканда, Асан айылы менен Форт-Шевченко шаарынын ортосунан 39, ал эми Форт-Шевченкодон Баутиного чейинки аралыктан 73 тюлендин өлүгү табылган.

Буга чейин "Лада" басылмасы жергиликтүүлөргө таянып Баутино айылындагы жээкте алты тюлендин өлүгү жатканын, алардын айрымдары торго чырмалып калганын маалымдаган.

Каспийде тюлендердин кырылышы дээрлик жыл сайын болуп турат. Окумуштуулар ар түрдүү себептерди аташат, бирок көп учурда Кызыл китепке кирген бул жаныбарлардын так эмнеден өлгөнүн аныктоо мүмкүн болбой келет. Ошол эле учурда каспий тюленинин саны кескин азайып баратат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: