super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда мектеп программасына сууда сүзүү сабагын киргизүү пландаштырылууда

 

Казакстан мектептеринде дене тарбия предметине сууда сүзүү сабактарын киргизүү пландалууда. Бул жөнүндө Qazaq Aquatics федерациясынын башкы катчысы Дмитрий Баландин өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2024-жылы дүйнөдө 236 миңден ашык адам сууга чөгүп каза болуп, алардын 82 миңи 1-14 жаштагы балдар болгон.

Баландин калкты сууда сүзүү боюнча элементардык көндүмдөргө жана сууда коопсуз жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал программанын алкагында сууда сүзүү сабагы дене тарбия системине кирип, мектеп программасынын бөлүгү боло турганын айтты. Пилоттук долбоор 2026-жылы Алматы жана Астана шаарларында башталат.

Анын сөзүндө, демилге АКШ, Австралия жана Венгриянын тажрыйбасына таянат. Бул өлкөлөрдө балдарды мектептен баштап сууда сүзүүгө үйрөтүү ийгиликтүү иштейт. Долбоор балдарга сууда коопсуз жүрүм-турумду үйрөтүп, спортко кызыктыруу жана дени сак жашоо образын калыптандыруу максатын көздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: