Президент Садыр Жапаровду Египетке коштоп кеткен делегациянын курамы
Бүгүн, 4-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров расмий сапар менен Египет өлкөсүнө учуп кетти. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, президент Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча кеткен.
Жолугушууда эки тараптуу документтерге кол коюу, соода-экономика, инвестиция, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты талкуулоо пландалууда.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
Садыр Жапаров - Кыргыз Республикасынын президенти;
Жээнбек Кулубаев -тышкы иштер министри;
Сагынбек Абдумуталип - президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Улукбек Марипов - Кыргызстандын Сауд Арабия падышалыгында жана Египеттеги элчиси;
Мелис Тургунбаев - Улуттук банктын төрагасы;
Бактияр Орозов - илим, жогорку билим жана инновациялар министри;
Медер Машиев - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Азамат Жамангулов - санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Бакыт Сыдыков - экономика жана коммерция министри;
Азамат Юсупов - президентке караштуу дин жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору.
				 
				 
				 
				
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













