Психиатрия борборунда мыйзамсыз экспертиза аркылуу кылмышкерлерди актоо схемасы аныкталды
	
				
			
				
			
				
			
				
			
				
			
				
			Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунда милиция кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, аталган борбордун эксперт-психологу, 1975-жылы туулган А.Ч. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары, 1994-жылы туулган А.у.Ж. менен оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында "акыл-эси жайында эмес" деп мыйзамсыз таануу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.
Атап айтканда, январда баңгизат сатуу боюнча 2007-жылы туулган М.А. кармалды. Кылмыш ишин тергөө учурунда, тергөө кызматынын башчысынын орун басары А.у.Ж. кармалган адамдын жакын туугандарынан опузалап акча талап кылуу жолу менен өзгөчө ири сумма - 1,5 миллион сом алган. Андан кийин, жогоруда аталган психолог-эксперт менен алдын ала сүйлөшүп алып, алар эксперименталдык-психологиялык экспертизанын баштапкы корутундусун бурмалашкан, соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында кармалган М.А. эки жолу "акыл эси жайында эмес" деп табылган.
Учурда жогоруда аталган борбордун кызматкери жана тергөөчүнүн орун басары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














