super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте "Номад ТВ" жаңы телеканалы ачылуу алдында турат (сүрөттөр)

 

Кыргызстанда телекөрсөтүү тууралуу салттуу түшүнүктү өзгөртө алган "Номад ТВ" жаңы телеканалы ачылуу алдында турат.

Бүгүн, 4-ноябрда телеканалдын башкы редактору Наталья Кролевич медианын алдыдагы ишмердүүлүгү менен тааныштырып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда Кролевич Бишкектин борборунда, Ала-Тоо аянтында жайгашкан пикселдик студияны көрсөтүп, эмне үчүн ал жерге орнотулганын жана канча убакыт турарын айтты.

"Бул эки күндүн ичинде орнотулуп, тез убакыттын ичинде курула турган студия. Бул жерде түбөлүк турбайт. Менин оюмча, шаар тургундарына жагып жатат. Анткени, сүрөткө түшүп, бизге ар кандай суроолорду берип алар үчүн кызыктуу болуп жатканын көрсөтүп жатышат. Биз бул студиянын теледеги ачыктыктын жана кызыгуунун символу болуп калышын каалайбыз",- деди Наталья Кролевич.

Студия профессионалдык жабдуулардан жана интервью алуу үчүн атайын зоналардан турат. Телеканалдын журналисттери ал жерде түз эфирлерди, маектерди өткөрүүнү пландалып жатышат.

"Номад ТВ" телеканалы расмий түрдө ноябрдын аягында көрсөтүүлөрүн баштоону пландап жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: