Быйыл Таласта төө буурчактын түшүмү 84 миң тоннадан ашты
Быйыл Талас облусунда төө буурчактын түшүмү 84,2 миң тонна болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фермерлерди колдоо жана төө буурчактын баасын турукташтыруу максатында министрлер кабинети "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы төө буурчак сатып алуу үчүн 100 миллион сом бөлгөн. Бөлүнгөн суммага дыйкандардан 1 килограмм төө буурчак 95 сомдон сатып алынууда.
"Быйыл төө буурчак айдалган жерлердин аянты 55,8 миң гектардан ашып, жалпы түшүм 84,2 миң тонна болуп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 15,7 центнерди түзгөн. Андыктан айрым жеке тараптардын "буурчакты алган кардарлар жок, баасы бир килограммына 60 сомдон ашпай жатат" деген такталбаган маалыматтары чындыкка дал келбейт",- деп билдирди министрлик.
Учурда Талас облусунда төө буурчак төмөнкү баалар менен сатылууда:
"Скороспелка" сорту - 155-160 сом,
"Лопатка" - 95 сом,
"Томат" - 92 сом.
				 
				 
				 
				
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













