super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Чолпон-Атада каратэ боюнча чемпиондук өттү

 

Чолпон-Ата шаарында Киокусинкай каратэ боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган ири спорттук иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 200гө жакын каратэ чебери катышты.

Мелдеш министрлер аталган агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын колдоосу менен, Кыргызстандын Кекусин Будо каратэ федерациясынын демилгеси жана уюштуруусу алдында өткөрүлдү.

Иш-чарага аталган дирекциянын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, федерациянын жетекчилиги, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

Жалпы командалык эсеп боюнча жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:

1-орун – “Осмон” клубу (Бишкек);
2-орун – Бостери клубу;
3-орун – Беловодск клубу.

Мелдеш Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: