Антарктидада балыктар жасаган сырдуу геометриялык уялар табылды
Антарктидада илимпоздор балыктар түзгөн геометриялык үлгүлөрдү тапты. Алар Endurance кемесинин калдыгын издеп жүрүп, Ведделл деңизинин түбүнөн балыктар жасаган миңден ашык уяны аныкташкан. Бул табылга аймактагы жандуулуктун бай экенин көрсөтүп, Ведделл деңизин коргоо боюнча чакырыктарды күчөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, изилдөө 2019-жылы SA Agulhas II изилдөө кемесинен башкарылган суу алдындагы аппарат аркылуу жүргүзүлгөн. Балыктардын уялары тегерек, жарым ай жана U сымал формаларда болгон. Ар бир уяда эркек сары канаттуу таш балыгы (Lindbergichthys nudifrons) жумурткаларды коргоп турган. Адистердин айтымында, мындай топтошуу ыкмасы жырткычтардан коргонууга жардам берип, ортодо калган балыктарды коопсузураак кылат.
Антарктиданын Ведделл деңизи муздарга карабай балык, деңиз жылдызы, губка жана деңиз куштарына бай экосистемге ээ. Табылган үлгүлөр аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Бул ачылыш Ведделл деңизин өзгөчө коргоого алуу демилгесин колдоону күчөтүүдө. Эгер сунуш кабыл алынса, аймак климаттын өзгөрүшүнөн корголгон статус алат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















