Парламенттик шайлоого катышуудан бир катар талапкерлер баш тартышты
Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздары каралды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
Тургунбаев Чыңгыз Шакирбекович - №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Бостонов Сейтек Бостонович - №23 шайлоо округу боюнча талапкер;
Рысбаев Талантбек Казыбаевич - №14 шайлоо округу боюнча талапкер;
Жумабай уулу Бекболсун - №10 шайлоо округу боюнча талапкер.
БШК жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, Тургунбаев менен Рысбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды.
Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 13:05
				 2025-11-02  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		
  Талкуу жабык.
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














