"Тура албадык "шок" болбой..." Ош шаарынын мэрине ыр арналды (видео)
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге Учар айылынын тургуну өзү жазган ырын окуп берди.
“Иштедиңиз күндөп, түндөп токтолбой,
Шаар кычыгы калбады окшойт жоктолбой.
Жарым жылда тар көчөлөр кеңейди,
Жаркыраса тура албадык "шок" болбой.
Жүдөө тарткан шаарым бүгүн өзгөрдү,
Билбей турам эмне гана дээримди.
Сиздей инсан бир жаралат кылымда,
Жашарттыңыз байыркы Ош жеримди.
Иштедиңиз өтүк кийип, тыным жок.
Креслоңуз калды окшойт унутта.
Кудай бизге мээнеткеч мэр буйруптур,
Билгенге бул - Ошко келген бир кут да..." деди ал кечээ, 3-ноябрда оңдоодон өткөрүлүп, кеңейтилген Сатиев көчөсүнүн ачылышында.
Айта кетсек, аталган айылдын тургундары Токторбаевге калпак кийгизип, чапан жаап, ошондой эле Токторбаевге иш учурунда жана жеке өзү тартылган сүрөт тартуулашты.
Ош шаарынын мэрине ыр арналды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















