super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Окумуштуулар уктаар алдында телефон кароонун кандай кесепеттери бар экенин аныкташты

 

Уктаар алдында телефон колдонуу өмүргө коркунуч туудурган жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы Американын жүрөк ассоциациясынын жаңы изилдөөсүнө таянып жазып чыкты.

Окумуштуулар түнкүсүн экрандардын жарыгы мээнин активдүүлүгүн жогорулатып, анын эс алуу режимине өтүшүнө жол бербестигин жана кан тамырлардын сезгенүүсүн шарттай турганын аныкташкан.

Изилдөөгө Массачусетс жалпы ооруканасында атайын сканерден өткөн 55 жашка чейинки 466 чоң киши катышкан. Түнкү жарыктын маалыматтары алардын үйүнүн айланасындагы жасалма жарык деңгээлин жазган спутниктик сүрөттөр менен салыштырылган. 2018-жылга карата катышуучулардын 17 пайызы олуттуу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыккан.

Окумуштуулар түнкү жарык денедеги стрессти пайда кыларын баса белгилешет. Алардын айтымында, убакыттын өтүшү менен инфаркт коркунучун жогорулатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: