Америкалык жаран 7 айлык уулун өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды
Калифорниядагы Риверсайд округунун Жогорку соту 32 жаштагы Джейк Харону 7 айлык уулу Эммануэль Харону кыйнап өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал ошондой эле полицияга жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылды.
Өкүм жарыялангандан кийин ал киши ыйлаган.
Эске салсак, буга чейин баланын апасы Ребекка полицияга кайрылган. Ал уулун соода борборунда жалаягын алмаштырып жатканда уурдап кетишкен деп билдирген. Ал баланы столго койгондо, бир киши чуркап келип, бетине уруп, ал эсин жоготкон.
Укук коргоо органдары күйөөсүнүн уурдаганын билген. Жубайлар урушуп, ажырашып кетишкен. Баланын жансыз денесин таап, атасы камакка алынган.
Тергөө абагында Харо уулун кокустан муунтуп өлтүргөнүн айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















