super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УКМК куралдуу кагылыштар учурунда интернетти өчүрүүнү сунуштоодо

 
Куралдуу кагылыштар жана өзгөчө абал учурунда байланыш менен интернетти өчүрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иштеп чыккан документ Кылмыш-жаза кодексине, "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" мыйзамга, "Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамга, "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Ошондой эле бир катар эрежелер өлкөнүн жаңы Санарип кодексине ылайыкташтырылмакчы.
УКМК согуштарда телефондор менен планшеттер көп учурда чабуулдарды координациялоо, дрондорду багыттоо жана чалгын маалыматтарын алуу куралына айланып калганын негиз кылууда.
"Санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшү коркунучтардын өсүшү менен коштолууда. Кылмыштуу топтор санарип технологияларын жигердүү колдонууда: коммуникацияларды, кылмыштуу иш-аракеттерди аралыктан башкаруу, трансулуттук кылмыштуу тармактарды, киберчабуулдарды, экстремизмди, мыйзамсыз сатуу жана кибертыңчылыкты координациялоону чүмбөттөө үчүн. Телефондор, планшеттер жана башка мобилдик түзүлүштөр өзгөчө кризис жана согуштук жаңжал учурунда өзгөчө маанилүү инфратүзүмгө кийлигишкен куралга айланууда",- деп айтылат документтин негиздеме-маалымкатында.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле байланыш операторлорун сервистерди пайдалануучулар тууралуу маалымат берүүгө, атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо маалында программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого, маалымат базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жетүүгө уруксат берүүгө милдеттендирүү камтылган.
Деген менен атайын кызмат мындай чара массалык түрдө же өзүм билемдик менен колдонулбасын белгилейт. Аталган мыйзам улуттук коопсуздукту, өлкөнүн коргонуусун же коомдук тартипти бузууга колдонулган түзүлүштөрдү алдын алуу үчүн гана иштелип чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: