Малайзияда пил кишини биринчи күнү жарадар кылып, экинчи күнү өлтүрүп кеткен
Пил 43 жаштагы малайзиялык Саиди Джахариге эки жолу кол салган. Алгач жаныбар аны жарадар кылган, андан кийин кайра өлтүрүп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Райондук полициянын башчысы Сик Чун Фунун айтымында, Джахари токойдогу дарактарды кыйгандарды көзөмөлдөп жаткан. Биринчи түнү ал жана анын беш кызматкери чатырларда уктап жатканда пилдин жакындап келе жатканын угушкан. Токойго кызматкерлер качышкан. Бирок Джахари жаныбардан качып кутула алган эмес. Пил аны тебелеп баштаган. Кесиптештери кайтып келгенде ал кишини тирүү, бирок оор жаракат алган абалда табышкан.
Алар Джахарини башка жерге эвакуациялашкан. Ал жерге пил бир күндөн кийин кайтып келген. Кесиптештери качып кетишкен, Джахари кача алган эмес. Бул жолу пил аны өлтүргөн.
"Издөө учурунда Саиди пилдин чабуулунан алган оор жаракаттарынан улам өлүп калган", - деп ырастады Чун Фу.
Эксперттер альфа пил тоону коргоо үчүн биринчи жолу эскертүү берип, экинчисинде өлтүргөн деп айтышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















