Изилдөө: Музыка угуу деменция коркунучун азайтат
Монаш университетинин жаңы изилдөөсү боюнча, 70 жаштан ашкан адамдардын музыка угуу же музыкалык аспапта ойноо адаты деменция жана акыл-эсдин төмөндөшү коркунучун кыйла азайтат.
Маалыматка ылайык, дайыма музыка уккан адамдарда деменцияга чалдыгуу ыктымалдыгы 39 пайызга, ал эми аспапта ойноочуларда 35 пайызга төмөн болгону аныкталган.
Изилдөө ASPREE жана ALSOP программаларынын алкагында 10 800дөн ашуун улгайган адамдын катышуусу менен жүргүзүлгөн. Натыйжада музыка угууга көнүккөндөрдө деменция гана эмес, когнитивдик бузулуу да 17 пайызга аз катталган. Музыканы угуу, жана аспапта ойноо түрүндө үзгүлтүксүз машыккан адамдарда деменция коркунучу 33 пайызга, акыл-эс төмөндөө коркунучу 22 пайызга төмөндөдү.
Адистер мунун себеп-натыйжа байланышын тактоо үчүн дагы кошумча изилдөөлөр керек экенин белгилешти. Изилдөөнүн авторлору музыка улгайган адамдардын акыл-эсин коргоодо жеткиликтүү жана пайдалуу ыкма болушу мүмкүн деп эсептешет. Профессор Жоанн Райандын айтымында, деменциянын так дарылоо жолу жок болгондуктан, анын алдын алып же кечеңдеткен ыкмаларды табуу өтө маанилүү. Музыка угуу сыяктуу жөнөкөй көндүмдөр мээнин ден соолугун сактоого жардам бере алат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















