Тажик оппозициясы Трампка кайрылды
Бозгундагы тажик оппозициясынын өкүлдөрү АКШ президенти Дональд Трампка ачык кат жолдоп, Тажикстандагы саясий куугунтук маселесин чечип, саясий туткундардын бошотулушуна көмөктөшүүнү суранышты.
Чет элдик басылмалар кат Трамптын тажик президенти Эмомали Рахмон жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен 6-ноябрга белгиленген жолугушуусунун алдында жарыяланганын белгилешет. Тагыраагы, ал 3-ноябрда жазылган.
Анда Тажикстанда 30 жылдан ашык авторитардык башкарууда куугунтук системасы түзүлүп, өлкө терең саясий жана гуманитардык кризисти башынан кечирип жатканы айтылат.
Каттын авторлору Трампка Беларустагы саясий туткундарды бошотуу аракети үчүн ыраазычылык билдирип, муну адам укуктарын коргоодогу АКШнын жетекчилигинин үлгүсү деп аташкан.
Ага кол койгондордун айтымында, Тажикстанда журналисттер, блогерлер, юристтер, укук коргоочулар, диний ишмерлер жана активисттер сыяктуу 8500дөн ашуун адам саясий туткундар деп эсептелет. Камалгандардын арасында аялдар, кары-картаңдар жана оппозиция өкүлдөрүнүн жакындары да бар экени, алар үй-бүлөлүк байланыштары үчүн гана жазаланганы айтылат.
Оппозиция өкүлдөрүнүн ырасташынча, өлкөнүн абактарында кыйноо, абактагы өлүмдөр, медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу, адамдын кадыр-баркына шек келтирген мамиле нормалдуу болуп калган.
"Сиздин үнүңүз жана лидерлигиңиз миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга жана Тажикстандын элин эркиндик менен адилеттикке умтулуусуна колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ", - деп айтылат Трампка жолдонгон катта.
Авторлор Трамп Эмомали Рахмонду саясий туткундарды бошотууга чакырып, эл аралык укуктун жана адам укуктарын сактоонун негизинде диалог баштоосуна үмүттөнөрүн билдиришкен.
Ачык катка төмөндөгүлөр кол коюшкан:
Тажикстандын реформалар жана өнүгүү кыймылынын төрагасы Шарофиддин Гадоев;
Тажикстандын кайра жаралышы үчүн жаштар уюмунун төрагасы Убайдулло Саидӣ;
Тажикстандын реформаторлор кыймылынын төрагасы Мухаммадикболинрр Садриддин, (Париж).
Кат 2025-жылдын 3-ноябрында жазылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















