"Сериал көргөндөй..." Самара Каримова менен Кубик Калыков Оштун мэри жөнүндө эмне дешти? (видео)
Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарындагы Касымбеков көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Көчөнүн ачылышы концерттик программа менен коштолуп, куудул, ырчы Кубик Калыков менен Самара Каримова ырдашты.
Анда Калыков мэрдин кызматы "легенда" болуп жатканын айтты.
"Бишкектен угуп, көрүп жатабыз. Сизди өлкө ичинде гана эмес, Орто Азияда дагы мэрлик кызматтарга чакырып жатышат", - деди ал.
Ал эми Каримова Токторбаевдин аткарган иштерин кыргызстандыктар баалап жатышканын билдирди.
"Эл аралап, бир күн Баткен, бир күн Жалал-Абад, бир күн Бишкек, Москвага да барып келдим, баары эле отурган жерде "Оштон келдиң, Самара, Оштун мэри жүрөбү?" деп сурап жатышат. Москвадагы мекендештер сизге салам айтышты. Алар "мыкты иштеп жатат, интернетте сериал көргөндөй көрүп жатабыз" дешти", - деди ырчы.
"Унаа жолунун узундугу 1800 метр, кеңдиги 30 метр. Ошондой эле бул көчөдө 3600 метр тротуар жана ирригациялык арыктар да каралган. Жол куруу иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Көчөнү кеңейтүү иштеринин жүрүшүндө бир катар курулуштар алынды", - деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.
Самара Каримова менен Кубик Калыков Оштун мэри жөнүндө эмне дешти?
Самара Каримова менен Кубик Калыков Оштун мэри жөнүндө эмне дешти?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















