Президент Садыр Жапаров Египетке барды
Бүгүн, 4-ноябрда өлө башчы Садыр Жапаров Египетке расмий сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын учагы Каир шаарынын "Каир" эл аралык аэропортуна конгон. Анда Садыр Жапаровду Египеттин жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Аэропортто Кыргызстандын жана Египеттин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.
"Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылууда, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болот.
Экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө негиз түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров Египетке барды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















