Каза болгондор бар. Индияда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд жүк ташуучу поездди сүздү (видео)
Индиянын Чхаттисгарх штатында жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд менен жүк ташуучу поезд кагылышты.
India Today агенттигинин маалыматына караганда, алты адам каза болуп, бир нече киши жаракат алган. Жүргүнчүлөрдү ташыган поезд токтоп турган жүк ташуучу поезддин арткы бөлүгүн сүзгөн.
Окуя болгон жерде куткаруучулар менен дарыгерлер иш алып барып жатышканы, ошондой эле кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.
Индияда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд жүк ташуучу поездди сүзүп алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















