super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мурдагы футболчу Дэвид Бекхэм рыцарлык наамды алды

 

Улуу Британиянын падышасы Чарльз III шейшемби күнү өлкө курама командасынын мурдагы футболчусу Дэвид Бекхэмге рыцарлык наамды тапшырганын чет элдик басылмалар жазышты.

Ал сыйлыкты алуу аземине жубайы менен барган.

Падышанын 14-ноябрда боло турган туулган күнүнө карата 50 жаштагы Бекхэм ардактуу наамды алуучулардын тизмесине киргени мурда кабарланган. Анда ага наам футболчу катары жетишкендиктери жана кайрымдуулук иштери үчүн берилери айтылган.

Бекхэм карьерасын 2013-жылы аяктаган. Ал "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид", ПСЖ, "Милан" жана "Лос-Анжелес Гэлакси" сыяктуу клубдарда ойногон. Учурда Бекхэм Лионель Месси ойногон америкалык "Интер Майами" клубунун тең кожоюну.

2003-жылы Англия курама командасында 115 беттеш өткөрүп, алты жыл анын капитаны болгон Бекхэм футболго кошкон салымы үчүн Британ империясынын ордени менен сыйланган.








Дэвид Бекхэм рыцарлык наамын алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: