super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШда жүк учагы кулап, 3 адам каза тапты

 

Транспорттук MD-11 үлгүсүндөгү жүк учагы Луисвилл шаарындагы аэропорттон учуп чыккан соң кулап түштү. Учак Гонолулуга багыт алган.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, үч адам каза болуп, дагы 11 адам жаракат алганын Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир маалымат жыйынында билдирди.

"Биз азырынча үч адамдын каза болгонун билебиз. Бирок бул сан көбөйүшү мүмкүн деп ойлойм. Видеону көргөндөр кырсыктын канчалык коркунучтуу болгонун түшүнүшөт",- деди Бешир.

UPS компаниясынын маалыматына караганда, учакта үч экипаж мүчөсү болгон.

WLKY телеканалы көрсөткөн видеодо учак канаты күйгөн абалда абага көтөрүлүп, жерге урунганда чоң жарылуу жана өрт чыккан. Кырсыктан кийин учуп-конуу тилкесинин артындагы бир нече имараттар да отко оронгонун Reuters жазды.

Маалыматтарга ылайык, жарылуу маалында учакта болжол менен 144 миң литр күйүүчү май болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: