Чүйдөгү "Жаннат Резорттун" уруксатсыз курулган объекти текшерилди
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти тарабынан курулуш объекттеринин мыйзамдуулугун жана шаар куруу талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча көзөмөл иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кезектеги текшерүү Чүй облустук прокуратурасынын катынын негизинде "Жаннат Резорт" мейманканасынын жанында курулган жеңил конструкциядагы объектке карата жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан бул жеңил конструкциядагы чатыр тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн "МАБ-БУЛА" ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди жана мыйзамсыз курулуш менчик ээлеринин тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду.
Курулуш министрлиги объекттерди курууда шаар куруу ченемдерин жана мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2025-11-05
23:31
2025-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















