super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кремль АКШдан ядролук сыноолор боюнча түшүндүрмө күтүп жатканын билдирди

 

Орусия АКШ президенти Дональд Трамптын ядролук сыноолорду кайра баштоо тууралуу билдирүүлөрү боюнча расмий түшүндүрмөлөрдү күтүп жатат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков RT телеканалына билдирди.

Кремлдин өкүлү белгилегендей, Орусия да, Кытай да ядролук сыноолорду жүргүзгөн эмес жана эки өлкө тең ядролук сыноолорго толук тыюу салган келишимди сактоодо.

"Америкалык лидер эмне тууралуу айтып жатканын азыр биз так айта албайбыз",- деп кошумчалады Песков.

30-октябрда Трамп Пентагонго ядролук сыноолорду дароо баштоону тапшырган, буга "башка державалардын ядролук аракеттери" себеп болгон. Бул чечим Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Буревестник" ракетасын сыноодон өткөрүү тууралуу билдирүүлөрүнүн фонунда кабыл алынган.

Эске салсак, АКШ 1992-жылдан бери ядролук сыноолорду жүргүзө элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: