Таласта 41 баш топозду жайлоодон уурдап кеткендер кармалышты
Таласта 41 баш топоз уурдоого шектелип арыз ээсинин айылдашы жана анын эки шериги кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, райондук милицияга жаран арыз менен кайрылып, 14-октябрдан бери Кара-Кол жайлоосундагы 41 баш топозу жок болуп жаткандыгын билдирген.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголду.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары арыз ээсинин айылдашы, Талас районунун 1983-жылы туулган Р.К. аттуу тургуну жана анын шериктери Талас шаарынын 1982-жылы туулган Н.Т. аттуу тургуну жана Ош облусунун Ноокат районунун 1980-жылы туулган М.Ю. аттуу туругуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















