Екатерина Биволдун мурдагы кайнатасы менен мушташа кеткен видеосу тарады (видео)
Социалдык тармактарда белгилүү мушкер Дмитрий Биволдун атасы менен мушкердин мурунку жубайынын мушташа кеткен видеосу тарады.
Видеодо Екатерина Бивол мурдагы кайнатасы аны мурдуна урганын айтып, түрмөгө отургуза турганын билдирген.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатеринанын ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.
Көп өтпөй Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Екатерина Биволго карата улуттар аралык (этностук) кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага сырттан айып коюлуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган жана издөө жарыяланган.
31-октябрда Казакстандын Ички иштер министрлиги да Екатерина Биволго карата кылмыш иши козголгонун ырастады. "Ал камакка алуу түрүндөгү алдын алуу чарасы менен издөөгө алынды. Сотко чейинки тергөө жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Екатерина Биволдун мурдагы кайнатасы менен мушташа кеткен видеосу тарады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















