Чүйдө ооруканада тартип бузган айдоочуну алып барган милиция кызматкерлерине кызматтык иликтөө башталды
Чүй облусунда ооруканада тартип бузган айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда облустук милиция маалымдады.Маалым болгондой, 2-ноябрда саат 00:40 чамасында Азамат аттуу эркек киши коомдук тартипти одоно бузуп, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, адепсиз сөздөрдү айтып, Токмок шаардык ооруканасындагы кабыл алуу бөлмөсүнүн терезесин сындырган. Арыз менен медицина кызматкерлери милицияга кайрылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин белгилери боюнча (Бейбаштык) кылмыш иши козголду. Натыйжада 1993-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кылмыш ишинин алкагында керектүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Облустук милиция окуянын келип чыгышы боюнча маалымт берди. 2-ноябрда саат 00:30 чамасында "Токмок – Кошой" жолунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Toyota Ipsum унаасын токтотушкан. Аны 1993-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран мас абалында айдап жүргөн. Андан соң медициналык кароого жеткирилген айдоочу ооруканада тартип бузган. Ал кармалып, Токмок шаардык милициясына жеткирилген. Бул окуяга жол берген милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:17
2025-11-05
13:42
2025-11-05
12:55
2025-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















