super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Зохран Мамдани Нью-Йорктун биринчи мусулман мэри болду

 

Нью-Йорк шаарында өткөн мэр шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Демократтар партиясынын талапкери Зохран Мамдани добуштардын 50,4 пайызын алып, шаар тарыхындагы алгачкы мусулман мэр болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, добуш берүүнүн 89 пайызы саналып бүтөрү менен Мамдани көз карандысыз талапкер Эндрю Куомодон болжол менен 9 пайызга алдыга озду.

Мамдани 1 016 968 добуш, Куомо 840 191 добуш, Республикачыл талапкер Кёртис Слива болсо 144 397 добуш алды. 34 жаштагы Мамдани бул жеңиши менен Нью-Йорктун саясий тарыхында жаңы барак ачты.

Зохран Мамдани ким?

Зохран Мамдани Угандада индиялык теги бар үй-бүлөдө төрөлгөн. Анын апасы - дүйнөгө белгилүү кинорежиссёр Мира Наир, атасы - угандалык окумуштуу Махмуд Мамдани. Зохран 5 жашында үй-бүлөсү менен Түштүк Африкага көчүп, эки жылдан соң Нью-Йоркко келген. АКШ жарандыгын 2018-жылы алган. 2025-жылдын башында ал сириялык Рама Дуважига үйлөнгөн.

Саясий карьерасы жана позициялары

Мамданинин саясий жолу 2020-жылы башталган, ал Нью-Йорк штатынын Ассамблеясына депутат болуп шайланган. 2024-жылы Демократ партиясынан мэрликке талапкер болуп көрсөтүлүп, 56,4 пайыз добуш алган.

Саясатка чейин ал кирешеси аз болгон, үйүнөн чыгуу коркунучунда турган жарандарга жардам берген. Бул тажрыйба анын шайлоо программасына таасир берип, ал жеткиликтүү турак жай маселесин башкы приоритет кылган.

2017-жылдан бери Мамдани "Америка Демократтык Социалисттери" уюмунун мүчөсү. Ал байлар үчүн салыктарды көбөйтүүнү, 2030-жылга чейин минималдык айлыкты саатына 30 долларга чейин жогорулатуу, шаарда акысыз коомдук транспорт киргизүү жана мектепке чейинки билимге акысыз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну жактайт.

Мамдани менен Трамптын пикир келишпестиги

Нью-Йоркто төрөлүп-өскөн Дональд Трамп Зоохран Мамдани тууралуу терс пикирин жашырбай келет. Шайлоонун алдында ал Truth Social социалдык тармагында Мамдани жеңсе, федералдык фонддор мыйзамдагы минимумдан ашык берилбей калышы мүмкүн деп коркуткан.

Мурда Трамп Мамданини "акылы жок коммунист адам" жана "өзү менен кошо шаарды да кыйрата турган коркунуч" деп атаган. Ал эми Мамдани Трамп менен шаардын кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин, бирок басымга алдырбай турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: