super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Параддык кийим үлгүсүнө сынак жарыяланды

 
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуучулардын параддык кийим үлгүсүнө сынак жарыяланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция билдирди.
Сынакка дизайнерлер, модельерлер, костюм боюнча сүрөтчүлөр, ошондой эле автордук иштеп чыгуулары бар чыгармачыл жамааттар катыша алышат. Катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу 17-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Сынак эки этапта өткөрүлөт.
Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат:
  • I орун – 150 000 сом;
  • II орун – 100 000 сом;
  • II орун – 80 000 сом.
Эң мыкты эмгектер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы расмий иш-чараларда колдонууга сунушталышы мүмкүн. Тандалып алынган эмгектердин автордук укугу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге байланышса болот: +996 500 059311





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: