Саманчынын жолунда ири толкун аныкталды
Европалык Космос агенттигинин Gaia спутниги чогулткан соңку маалыматтар Саманчынын жолунун тышкы бөлүгүндө "космостук толкундун" бар экенин көрсөттү. Илимпоздор бул кубулуш мурунку ири галактикалык кагылышуунун изи болушу мүмкүн деп болжошот. Бул тууралуу изилдөө Astronomy & Astrophysics журналында жарыяланды.
Изилдөөнү Италиянын улуттук Астрофизика институтунан Элоиза Поджио жетектеген топ жүргүзүп, 17 миң жаш чоң жылдыз жана 3 миң 400 өзгөрмө жылдыздын кыймылын талдаган. Жыйынтыгында жылдыздар өйдө-төмөн багытта бир калыпта толкун сыяктуу кыймылдаары аныкталды.
Адистер толкун эффектин көлгө таш таштаганда суунун үстүндө пайда болгон шакектерге салыштырышууда. Галактика борборунан канчалык алыс барган сайын бул вертикалдуу термелүүнүн күчү дагы жогорулай турганы байкалган. Илимпоздордун пикирине ылайык, Саманчынын жолу менен азыр да аракеттенишип жаткан Сагиттариус карлик галактикасы себеп болушу мүмкүн. Ал Саманчынын жолунун дискин ичинен кесип өтүп, галактика боюнча толкун жараткан болушу ыктымал.
Маалыматтар Саманчынын жолу тынч жана түз эмес, тескерисинче, толкундуу жана кыйшык түзүлүшкө ээ экенин дагы бир жолу далилдеди. Окумуштуулар толкун галактиканын газ катмарында пайда болуп, жаш жылдыздарга чейин жеткен болушу мүмкүн дешет. Илимпоздор 2026-жылы чыгуучу Gaia'нын жаңы маалымат тобу менен бул табышмактын булагын тактоону көздөшүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















